• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте ПЧР тест тапшыруу үчүн жаңы пункт ачылды

COVID - 19 0

Бишкек, 29.10.21. /Кабар/. Бишкекте ПЧР тест тапшыруу үчүн жаңы пункт ачылды, деп билдирет Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан.

Маалыматка ылайык, жаңы пункт сапаттуу кызмат көрсөтүү жана кызматкерлер менен байланышта болбоо максатында Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин базасында ишке киргизилди.

Белгиленгендей, кабыл алуу Фрунзе көчөсү 535 дарегинде жүргүзүлүп, ПЧР тесттин баасы 788 сомду түзөт.

Мындан тышкары, департамент калктын аярлуу катмарына, ырастоочу документин көрсөткөн учурда ден соолугуна байланыштуу чет өлкөгө кетип жаткандарга, пенсиялык китепчесин көрсөткөн 65 жаштан жогоркуларга, 7 жашка чейинки балдарга жана I жана II топтогу майыптыгы барларга акысыз кызмат көрсөтөт.

Аталган пункт дем алышсыз жана майрам күндөрүсүз жумасына 7 күн иштейт.

Пикир

Оставить комментарий