• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте пенсионер өрттүн кесепетинен III-даражадагы күйүк алды

Кырсык 0

Бишкек, 15.09.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын Аламүдүн-1 кичирайонундагы №30 үйдүн балконунда 15 чарчы метр үй тиричилик буюмдары күйгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, үйдүн балконундагы отургуч, жылыткыч, 2 терезе жана эшиги күйгөн. Өрттүн кесепетинен 71 жаштагы эркек киши III-даражадагы күйүк алып, №4 шаардык ооруканасына жеткирилген. Абалы оор деп бааланууда.

Белгилей кетсек, бир күн ичинде республиканын аймагында 27 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 29 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Пикир

Оставить комментарий