• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте пенсионерди сүзүп качкан кыз кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.11.21. /Кабар/. Бишкекте пенсионерди сүзүп качкан кыз кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсык болгон жерден из жашырган айдоочу Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү тарабынан колго түшкөн.

Кырсык 2021-жылдын 17-октябрында болжол менен саат 10:00 чамасында катталган. Анда белгисиз айдоочу автоунаасы менен Ч. Айтматов көчөсү аркылуу түштүктү көздөй бара жатып, А. Баатыр көчөсүнүн кесилишинен жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.

Жол кырсыгынан 1940-жылы туулган К.В., аттуу жаран жабыркап, №4-шаардык ооруканага жеткирилген.

"Аталган факт боюнча милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, Honda Fit үлгүсүндөгү автоунаасынын 1993-жылы туулган М.М. аттуу кыз аныктап, Бишкек ШИИББнын Жол кырсыктарын тергөө боюнча Тергөө кызматына жеткиришкен", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий