• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте пенсионерди унаа сүзүп кеткен

Кырсык 0


Бишкек, 25.07.22. /Кабар/. Бишкекте пенсионер адамды унаа сүзүп кеткен. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 24-июлда саат 18:00дөр чамасында орун алган.

"Мерседес Бенц" үлгүсүндөгү унаа “Форд Фокус” үлгүсүндөгү бузулган унааны алып бара жатып, Алма-Ата көчөсүнөн жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен.

1951-жылы туулган Ж.М. аттуу жабырлануучу ооруканага жеткирилген.

Унаа айып аянтчасына токтотулуп, экспертиза дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий