• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте “Пешеход” рейдинин алкагында бир күндө 750 жол эрежесин бузуу катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.11.21. /Кабар/. Бишкекте “Пешеход” рейдинин алкагында бир күндө 750 жол эрежесин бузуу катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыл башынан бери Бишкек шаарынын аймагында жөө жүргүнчүлөр катышкан 1 миң 97 жол кырсыгы катталып, 1 миң 131 жаран ар кандай жаракаттарды алса, 33 киши каза болгон.

Кайгуул кызматынан жол кырсыктары айдоочулар менен жөө жүргүнчүлөрдүн жол эрежесин сактабагандыгынан көп катталып жаткандыгы айтылды.

Мындай жол кырсыктардын алдын алуу максатында Бишкек ШИИББ боюнча Милициянын кайгуул кызматы атайын “Пешеход” аталышында рейддик иш-чара өткөрүп жатат.

- жөө жүргүнчүлөрдү жөө өтмөктөн өткөрбөй койгон 64 айдоочунун ар бирине 3 миң сомдон айып салынды;

- көрсөтүлгөн жөө өтмөктөрдөн же жол чырактардан өтпөстөн, туура эмес жерлерден, чоң унаа жүрүүчу жолдорду кесип өткөн 61 жөө жүргүнчүнүн ар бирине 1000 сомдон айып салынды;

- башка жол эрежелерин бузуулар - 625 айдоочу.

Пикир

Оставить комментарий