• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкек шаарында Кайгуул милициясы кайра түзүлөт

Өкмөт 0

Бишкек, 06.02.19. /Кабар/. Бишкек шаарында пилоттук долбоор алкагында 2019-2020-жылдарга милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгын түзүү боюнча иш-чаралар планы бекитилди. Өкмөттүн тийиштүү буйругуна премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Чечим республиканын укук коргоо тутумун реформалоо алкагында ички иштер органдарынын тышкы кызматтарынын ишин ирээтке келтирүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу, коомдук жайларда, ошондой эле жолдордо орун алган укук бузуулар жана кылмыштар жөнүндө билдирүүлөргө ыкчам жооп кайтаруу үчүн шарттарды түзүү максатында кабыл алынган.

Пилоттук долбоор Бишкек шаарында 2019-2020-жылдары ишке ашырылат, анын жыйынтыгында тутумдук талдоо жүргүзүлөт. Анын негизинде КР ИИМ Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыкты КР ИИМ Милициянын кайгуул кызматына кайра түзүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө андан аркы чечим кабыл алынат.

Белгилей кетсек, жогоруда көрсөтүлгөн Иш-чаралар планы Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун демилгеси боюнча түзүлгөн жол коопсуздугун камсыздоочу ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топ менен биргеликте иштелип чыккан.

Бекитилген Планга ылайык, жаңы кызматка алуу сынактык негизде жүрөт. Мындан тышкары бардык талапкерлер милдеттүү кошумча окутуудан өтүшөт, анын жыйынтыгы боюнча алган билимдери текшерилмекчи.

Коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу максатында жаңы кабыл алынган кызматкерлер жогорулатылган акчалай көмөк алышат.

Жаңы түзүлүп жаткан бөлүктүн материалдык-техникалык базасы жакшыртылат.

Муну менен катар өлкөнүн антикоррупциялык органдары тарабынан кызматкерлердин ишмердиги катуу көзөмөлгө алынат.

Жаңы түзүлүп жаткан кызматка жол коопсуздугун камсыздоодон тышкары коомдук коопсуздукту камсыздоо жана укук бузууларды жоюуга багытталган иш-чараларды өткөрүү, ошондой эле «102» кызматына жарандардан келип түшкөн кайрылууларга ыкчам жооп кайтаруу милдети жүктөлөт.

Күтүлгөндөй, Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгына кызматкерлерди тандоо Бишкек шаарында пилоттук долбоордун алкагында үч баскычта өткөрүлөт. Биринчи баскычта тандалган кызматкерлер 2019-жылдын 1-июлунан тарта кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.

Пикир

Оставить комментарий