• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте пластик чыгаруучу заводдон өрт чыкты

Кырсык 0


Бишкек, 07.11.21. /Кабар/. Бишкекте пластик чыгаруучу заводдон өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Алдын ала маалымат боюнча, Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан пластик чыгаруучу заводдон өрт чыккан.

Өрттү өчүрүүгө ӨКМден жалпы 5 бөлүм, 1 автошаты, 1 суу ташуучу унаа, Штаб жана Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, ККББдан ыкчам топ тартылды.

Учурда өрттү өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий