• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте пневмониядан 11 бала дарыланып жатат, арасында 1 жашка чейинки бир бала бар

Ден соолук 0

Бишкек, 19.02.21. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Бишкектеги үй-бүлөлүк медицина борборлорунда 11 бала пневмониядан дарыланып жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен 1 жашка чейинки куракта – 1 бала, 1 жаштан 5 жашка чейинки куракта – 7, 5 жаштан өйдө – 3 бала дарыланууда.

Ошондой эле, Бишкек шаардык үй-бүлөлүк медицина борборлорунда ОРВИ диагнозу менен 856 бала амбулатордук дарыланууда экендиги такталды.

Пикир

Оставить комментарий