• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте пневмониядан жапа чеккендерге 2 миң 62 керебет даярдалган - Каратаев

COVID - 19 0

Бишкек, 06.07.20. /Кабар/. Бишкек шаарында пневмониядан жапа чеккендерге 2 миң 62 керебет даярдалган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин орун басары Мадамин Каратаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, 2 миң 62 керебеттин ичинде интенсивдүү терапияга 69 орундук бар.

Ошондой эле “Гансиде” даярдалган 600 керебеттин ичинен 112 орунга ылайыкташкан реанимациалык блок түзүлгөн. Буга чейин “Гансиде” орто оор абалдагы жарандар жаткырылып жаткан. Бирок абалы орто болгон бейтаптардын саламаттыгы оор боло баштагандыктан 112 орундук түзүлгөн”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 7691ге жетти. Алардын ичинен 1147си медицина кызматкери. Илдеттен 2843 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 92 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий