• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте поезд 45 жаштагы аялды сүзүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 09.02.22. /Кабар/. Бүгүн, эртең менен Бишкектин Некрасов жана Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде поезд аял кишини сүзүп кеткен.

“Кабар” агенттигине Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, жерине РИИБдин тергөө-ыкчам тобу дароо чыгып, каза болгон аялдын өздүгү такталган, ал 1977-жылы туулган К.Э. аттуу аял экендиги аныкталган.

Аталган факт Ленин РИИБнин Автоматташтырылган маалымат системасынын эсепке алуу журналына катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Учурда териштирүү иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий