• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте поезд кулагына наушник тагынган баланы өлтүрө сүзүп кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 20.11.17. /Кабар/. Бишкекте поезд кулагына наушник таккан баланы өлтүрө сүзүп кеткенин “Кыргызтемиржолу” УК” МИнин басма сөз кызматы билдирет.

Алардын маалыматы боюнча, 20-ноябрда саат 01:00дө №3501 жүк поезди жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп кеткен. Окуя “Бишкек I–Бишкек II” станцияларынын ортосундагы темир жолдун 3779-чакырымында болгон.

“Жөө жүргүнчү жаш бала болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча ал кулагына наушник тагып алып, телефон менен сүйлөшүп бара жаткан. Поезддин үн белгисине карата аракет кылбай койгондуктан, кырсыктын алдын алууга мүмкүн болгон жок. Жаш бала жеринде каза болду, учурда сөөгү моргдо”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий