• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте поезд велосипедчен адамды сүзүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 30.07.18. /Кабар/. Бишкекте поезд велосипедчен адамды сүзүп кетти. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Некрасов жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде жүргүнчү ташуучу поезд велосипед тээп бара жаткан адамды сүзүп кеткен.

Кырсык саат 13:00 чамасында болгон, поезд Бишкектен Москвага бара жаткан.

“Велосипед тээп бара жаткан адам наушникчен болгон, рельстен өтүп бара жатып поезддин үнүн укпай калган. Жабырлануучу алган жаракаттарынан улам ооруканага жеткирилген”, - деп билдиришти укук коргоо органдарынан.

Пикир

Оставить комментарий