• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте поликлиника жана ооруканаларды дезинфекциялоо иштери күчөтүлгөн тартипте уланууда

Коом 0

Бишкек, 11.05.20. /Кабар/. Бишкекте поликлиника жана ооруканаларды дезинфекциялоо иштери күчөтүлгөн тартипте уланууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жугуштуу оорулардын жана коронавирус инфекциясынын жайылууусунун алдын алуунун алкагында баардык Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда, шаардагы ооруканаларда жана башка саламаттык сактоо уюмдарында дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө.

"Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун атайын тартылган унаасы менен ӨКМ кызматкерлери имараттардын ичи-тышын дезинфекциялоодо", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын карамагында 30 медициналык уюм бар.

Пикир

Оставить комментарий