• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте президент Жапаровдун төрагалыгы астында министрлер кабинетинин жыйналышы өтүүдө

Президент 0

Бишкек, 25.12.21./Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин жыйналышы өтүүдө.

Жыйында Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2021-жылдагы аткарган ишинин отчету угулуп, ошондой эле Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруунун иш-аракеттер планы каралат.

Иш-чарага министрлер кабинетинин бардык мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, мамлекеттик органдардын, КР президентинин администрациясынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери катышууда.

Мындан сырткары, жыйынга Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургүл Бакирова, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушев, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев, Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов, Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов ж. б. катышып жатат.

Пикир

Оставить комментарий