• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте президентке караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин биринчи отуруму өттү — сүрөт

Коом 0

Бишкек, 16.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 16-ноябрда, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин биринчи отуруму болуп өттү (КИК).

Жыйында коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун негизги принциптери, мамилелери жана чаралары талкууланды.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө коррупцияга шарт түзгөн аракеттерди жоюу боюнча көрүлүп жаткан чараларды белгилеп, мамлекеттик башкаруунун бүтүндөй системасы бизнестин жана жарандардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого тийиш экенин белгиледи.

Ал коррупцияга каршы күрөшкө бизнес-ассоциацияларды жана коомчулукту тартуунун айрым механизмдерин белгилеп, Башкы прокуратурада бардык коррупциялык иштерди карай турган тергөө бөлүмү түзүлгөнүн кошумчалады.

Садыр Жапаров ошондой эле бардык мамлекеттик жана укук коргоо органдары алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоодо добуштарды сатып алууга жол бербөө үчүн эң чечкиндүү аракеттерди көрүп жатканына ишендирди.

Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, КИК Башкы катчысы Нурипа Муканова, КИК мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын, бизнес-ассоциациялардын, жарандык сектордун, илимий жана билим берүү мекемелеринин, ошондой эле өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн жана чакырылгандардын өкүлдөрү катышышты.

Мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупцияга каршы мыйзамдардын аткарылышынын актуалдуу маселелери жөнүндө башкы прокурор Курманкул Зулушев баяндама жасап, финансы министри Алмаз Бакетаев коррупциялык мыйзам бузуулар жөнүндө билдирген тараптарга акчалай сыйлык берүүнүн тартиби жөнундө айтып берип, ал эми «ЖИА» бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директору Фархад Пакыров уюмдун коррупция менен күрөшүүдөгү ролун белгиледи.

Ошондой эле, отурумда Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы стратегиясынын Концепциясы тааныштырылып, кызуу талкууланды. Анын жүрүшүндө КИК мүчөлөрү өз сунуштарын айтып, сунушталган документ жана жалпы эле коррупцияга каршы мамлекеттик саясат боюнча көз караштарын билдиришти.

Ошол эле учурда президент Садыр Жапаров суроолорго жооп берип, КИК мүчөлөрүнүн сунуштары боюнча өз пикирин билдирип жана парламенттин депутаттыгына айрым талапкерлердин үгүт өнөктүгүнө байланышкан акыркы окуялар боюнча ойун айтты.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча КИК мүчөлөрү резолюция кабыл алышты. Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын 2021-2024-жылга чейинки коррупцияга каршы стратегиясын иштеп чыгуу боюнча жумушчу тобу түзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий