• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте президенттин атынан балдарга жардам көрсөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 12.01.22. /Кабар/. Бишкекте күн мурун социалдык маселелер боюнча вице-мэр Виктория Мозгачёва президенттин атынан тогуз балага белектерди тапшырды.

Турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн балдарына керектүү кийимдер жана окуу куралдары тапшырылды.

Белгилей кетсек, буга чейин калаадагы томолой жетим 248 балага президенттин атынан жаңы жылдык белектер берилген.

Мындан тышкары, шаардык Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда турган 10 миң 285 балага жаңы жылдык белектер тапшырылды. Белектерди сатып алууга шаардык бюджеттен 6,4 млн сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий