• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте президенттин катышуусунда балдар үчүн Жаңы жылдык балаты өтүүдө

Президент 0

Бишкек, 26.12.19./Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында жыл сайын өтүүчү салттуу Жаңы жылдык балаты өтүүдө.

Майрамдык иш-чарага президент Сооронбай Жээнбеков жубайы Айгүл Токоева менен чогуу келди.

Президенттин атынан өткөрүлгөн жаңы жылдык балатыга өлкөнүн бардык аймактарынан мектеп курагындагы 1100 окуучу чакырылган. Алардын арасында – окуунун мыктылары, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана мелдештердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар бар.

Пикир

Оставить комментарий