• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте президенттин катышуусунда салттуу "Мурас" достук турнири өтүп жатат

Спорт 0


Бишкек, 14.12.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Бишкекте 14-15-декабрь күндөрү өтүүчү салтка айланган "Мурас” достук турнири старт алды.

Бүгүн, 14-декабрда, иш-чаранын ачылышы "Газпром балдарга" дене тарбия – ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде болду.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө катышуучуларды кезектеги салттуу "Мурас" оюндардын башталышы менен куттуктап, биринчи турнир өткөн жылы белгиленген кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналганын эске салды.

Садыр Жапаров, ага 6 команда катышканын, экинчи турнирге 12 команда, учурда 16 команда болгонун жана муну менен мындай турнирге кызыгуу күчөгөнүн белгиледи.

Ал мелдештин максаты сергек жашоого үндөө экенин баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров эң күчтүү делген футбол команда жеңүүсүн каалады.

Биринчи күнү тайпалык оюндар "Газпром балдарга” дене тарбия – ден соолукту чындоо спорт комплексинде жана Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөрүлөт.

Командалар төрт топко бөлүнгөн:

А тайпасы: "Президенттин командасы”, "Фемида”, "Журналисттер”, "Спорттук федерациялар”.

В тайпасы: "Жогорку Кеңеш”, "Коопсуздук”, "Достук”, «Бизнес”.

С тайпасы: "Алга”, "Элчилер”, "Спорт Жылдыздары”, "Билим”.

D тайпасы: "Ыйман”, "Өнөр”, "Аймактар”, "Ден-Соолук”.

Эртең, 15-декабрда чейрек финал, жарым финал жана финалдык оюндар өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий