• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте президенттин катышуусунда “Мурас” футболдук турнири өтөт

Спорт 0


Бишкек, 21.04.22. /Кабар/. Бишкекте 4-5-майда Кыргыз футбол бирикмеси жана президенттин администрациясы тарабынан уюштурулган “Мурас” футболдук турнири өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев соцтармакка билдирүү калтырды.

Ата-мекендик футболдун 100 жылдыгына арналган декабрдагы турнирде президент Садыр Жапаров бул спорттук иш-чара салттуу түрдө жылына эки жолу (кыш-жай) өтүп турарын жарыялаган.

Бул ирет чемпиондук наам үчүн 12 команда күрөшөт:

- Жапаров башында турган – “Президенттин администрациясы” командасы;
- маданият ишмерлери – “Өнөр” командасы;
- бизнестин өкүлдөрү – “Бизнес” командасы;
- ЖМК өкүлдөрү – “Журналисттер” командасы;
- ата-мекендик футболдун ардагерлери – “Алга” командасы;
- спорттук федерациялардын жетекчилери – “Спорттук федерациялар” командасы;
- Парламенттин депутаттары – “Жогорку Кеңеш” командасы;
- Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаар мэрлери, район акимдери – “Аймактар” командасы;
- дин өкүлдөрү – “Ыйман” командасы;
- чет мамлекеттердин Кыргызстандагы элчилери – “Элчилер” командасы;
- ооруканалардын жетекчилери жана башкы дарыгерлери – “Ден соолук” командасы;
- ЖОЖ ректорлору жана мектеп директорлору – “Билим” командасы.

Турнир КТРК, КТРК Спорт телеканалдарынын түз эфиринде көрсөтүлөт.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 17-декабрында кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футбол боюнча достук оюну өткөн. Анда биринчи орунду маданият ишмерлеринин “Өнөр” командасы, экинчи орунду футбол ардагерлеринин “Алга”, ал эми үчүнчү орунду мамлекет башчысы Садыр Жапаров башында турган президенттин администрациясы ээлеген.

Пикир

Оставить комментарий