• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте президенттин кубогу үчүн сууда сүзүү боюнча мелдеш өтөт

Спорт 0

Бишкек, 02.08.18. /Кабар/. Бишкекте Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата КРнын Президентинин кубогу үчүн эл аралык сууда сүзүү боюнча мелдеш өтөт.

Турнир 28-29-августта “Дельфин” бассейнинде өтөт. Ачылыш аземине өлкөнүн эң мыкты суучулдары катышат.

Мелдеш FINA`нын эрежелери боюнча өткөрүлөт. Ар бир спортчу сүзүү ыкмасынын 3 дистанциясында (50, 100, 200 метр) башташы керек. Жеңүүчүнү топтогон упайына жараша аныкташат.

Иш-чараны өткөрүү максаты – суучулдардын чеберчилигинин деңгээлин жогорулатуу, сүзүүнү спорттун түрү катары популяризациялоо, эл аралык байланыштарды бекемдөө жана чемпионаттарга катышуу үчүн Кыргызстандын курама командасына эң мыкты суучулдарды тандоо.

Пикир

Оставить комментарий