• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте прикладдык искусство боюнча мастер-класстар өтөт

Коом 0

Бишкек, 14.03.23. /Кабар/. Бишкекте прикладдык искусство боюнча акысыз мастер-класстар өтөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, балдар менен ата-энелердин түгөй катышуусуна арналган мастер-класстар ар жума күнү саат 15:00дөн 17:00гө чейин төмөнкү график боюнча өткөрүлөт:

  • 17- март – "Чий чырмакчылык"
  • 24 -март – "Өнөр kg" (кийизден жасоо")
  • 31 -март – "Көркөм моделдөө" (чопо)
  • 7 -апрель – "Кыргыз оймосу" (кийиздөө)
  • 14- апрель – "Чебер даркан" (комуз жасоо тарыхы)
  • 21-апрель - "Мурас" ( улуттук сувенирлерди чыгаруу).

Свердлов районунун акимчилиги жаш шаар тургундарын Свердлов районундагы балдардын чыгармачылык борборунда улуттук прикладдык искусствонун ар кандай түрлөрү боюнча акысыз мастер-класстарга катышууга чакырат.

"Катышуучулардын саны чектелген, андыктан катышуу үчүн алдын ала жазылуу керек: Сулайманова Нагима Асеиновна 0500606509, Кругляков Анатолий Николаевич 0555696209", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий