• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте «ProConstruction-2021» курулуш форуму өттү

Коом 0

Бишкек, 13.10.21./Кабар/. Бишкекте курулушта жаңы технологиялык чечимдерди киргизүүнүн тажрыйбалык ыкмаларын жана кадамдарын талкуулоого арналган «ProConstruction-2021» курулуш форуму өттү.

Форумдун уюштуруучулары – курулуш жаатында адистешкен «ПРАКТИК» заводу жана «Ntek» компаниясы.

Форумдун катышуучуларына алгач сөз сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин Курулушта сертификаттоо республикалык борборунун директору Жолдошбек Абдыраев атамекендик ишканалар тарабынан курулушта жаңы технологияларды киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Форумдун ишине катышкан «Ntek» компаниясынын башкы директору Нурдин Шакиров заманбап фасаддарды курууда жогорку сапаттуу материалдардын ролун баса белгиледи.

Форумдун катышуучуларына Kale (Түркия), Stroher (Германия), KMEW (Япония) сыяктуу белгилүү өндүрүүчүлөрдүн фасаддык материалдарын, «ПРАКТИК» атамекендик өндүрүүчү компаниясы тарабынан чыгарылган гипстен даярдалган атайын плиталарды жана «Ntek» компаниясынын эффективдүү гидроизоляциялоо технологиясын колдонуунун эсебинен курулуштун натыйжалуулугун арттырууга шарт түзгөн чечимдер сунушталды.

«Бөлмөлөр аралык дубалдар үчүн атамекендик өндүрүшчүлөрдүн натыйжалуу чечимдер» презентациясында «ПРАКТИК» компаниясынын директору Нурбек Божоев гипстен даярдалган атайын плиталарды курулушта колдонуунун артыкчылыктары тууралуу айтып берди. Анын айтымында, мындай плиталардын оң жактары – жеткиликтүү баасы, куроонун жөнөкөйлүгү жана ыкчамдыгы, жукалыгы, экологиялык жактан тазалыгы, өрткө чыдамдуулугу, дабыштарды изоляциялоонун жогорку деңгээли жана жеңил салмагы.

Орто Азиядагы «Kalesinterflex» компаниясынын Өкүлчүлүгүнүн турак үйлөрдү, ошондой эле коомдук имараттарды жасалгалоо үчүн ыңгайлуу фасаддык панелдер жана башка курулуш материалдары тууралуу маалыматы форумдун катышуучуларынын кызыгуусун жаратты, алар ар кандай жаратылыш шарттарында колдонуу үчүн ылайыктуу болуп саналат.

«Инвеско Азия» (Казакстан) компаниясынын коммерциялык директору Алексей Илющенко салттуу чечимдердин ордуна келген заманбап курулуш технологиялары тууралуу айтып берди.

«Ntek» компаниясынын өкүлү өзүнүн «Алдынкы фасаддык чечимдер: Штроер немис өндүрүүчүсүнөн Клинкердик плиталар» презентациясынын алкагында сапат жана сервисти камсыздаган жаңы архитектуралык мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалымат берди.

Өз кезегинде компаниялардын өкүлдөрү жогоруда аталган технологияларды колдонуу боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүп, фасаддык материалдардын жана гипс плиталарынын үлгүлөрүн, көргөзмөлүк макеттерин көргөзүштү.

Вентиляциялуу фасаддарды долбоорлоо жана куруу ченемдерин сактоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу «КазФасад Надзор» фирмасынын башкы директору Сергей Кобелев айтып берди.

Маалымдама: 2007-жылы курулган «ПРАКТИК» заводу өлкөнүн курулуш материалдары рыногундагы алдынкы компаниялардын бири. Ишкана гипс ташын казууга жана иштетүүгө, гипс, гипсокартон жана гипс плиталары сыяктуу жогорку сапаттуу курулуш материалдарын өндүрүүгө адистешкен. Жеке карьери бар, гипс ташын казууга жана иштеп чыгууга уруксат алган.

Өндүрүштөгү көп жылдык ийгиликтүү тажрыйбасы бар жана курулуш материалдарынын рыногун мыкты билген «ПРАКТИК» заводу кардарлары үчүн тастыкталган гана продукцияларды сунуштайт жана жогорку сапат жана сервиске кепилдик берет.

Пикир

Оставить комментарий