• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бишкекте прокуратура кызматкерлери сыйланды

Коом 0

Бишкек, 23.11.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын райондук акимиаттары прокуратура кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттукташты. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Майрамдын урматына Биринчи май районунун акими Жамалбек Ырсалиев тарабынан өзгөчөлөнгөн кызматкерлер муниципалдык администрациянын ыраазычылык баракчалары жана Ардак грамоталары менен сыйланышты.

Акимиаттын Ардак грамоталары менен:

- Турабай уулу Тыныбек - прокурордун жардамчысы, юстициянын майору;
- Абдыгазиев Жигитбек Исабековичке - прокурордун жардамчысы, юстициянын капитаны;
- Токторбаев Нурлан Жусупович - прокурордун жардамчысы.

Ыраазычылык каты төмөнкүлөргө тапшырылды:

- Мелсбек кызы Асылай - иш кагаздарын жүргүзүүчү.

Октябрь районунун акими Мирлан Эшкожоев ак ниет жана үзүрлүү эмгеги үчүн жана прокуратура кызматкерлерин Октябрь райондук администрациясынын Ардак грамоталары менен сыйлады:

- Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокуратурасынын жетектөөчү адиси Султанкулова Назира Токоновна;
- Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокурорунун жардамчысы Бектемирова Нурсулуу Бектемировна;
- Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасынын адиси Закиров Баатырбек Акимжанович;
- Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокурорунун улук жардамчысы Сыдыков Элдияр Чойбекович;
- Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокурорунун жардамчысы Дүйшембиев Улукбек Нурланович;
- Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокуратурасынын улук тергөөчүсү Каратаев Азамат Олжобаевич;
- Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокурорунун улук жардамчысы Маданбекова Лира Орумбековна;
- Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокурорунун жардамчысы Талантов Нурсултан Талантович;
- Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокурорунун жардамчысы Аралов Айбек Аттокурович;
- Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокурорунун улук жардамчысы Замира Ыдырысовна Байбагышова.

Бишкек шаарынын мэриясы прокуратура кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, чың ден соолук жана ийгиликтерди каалайт.

Пикир

Оставить комментарий