• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте “Пушкиндин күнү” белгиленди

Маданият 0

Бишкек, 6- июнь /Роман Гайнанов – Кабар/. Бишкектеги Б. Ельцин атындагы Кыргыз Россия Славян университетинде Россиянын улуу акыны А. С Пушкиндин элесине арналган “Пушкиндин күнү” белгиленди.

Иш-чаранын алкагында мугалимдер, кызматкерлер окуу жайдын стунденттери менен биргеликте А. С.Пушкиндин эстелигине гүл коюшту.

Ч. Айтматов атындагы орус драма театрынын артистери улуу акындын чыгармаларынан музыка менен поэзия айкалышкан чыгарма аткарышты.

Окуу жайдагы таланттар акындын урматына вокалдык жана хореографиялык чыгармаларды тартуулашты.

А.С. Пушкин 1799-жылы 6-июнда жарык дүйнөгө келген. Акын, драматург, публицист А. С. Пушкин XIX кылымдын эң көрүнүктүү акындарынын бири.

Пикир

Оставить комментарий