• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте Раатбек Санатбаев атындагы спорттук комплекс ачылды

Спорт 0

Бишкек, 24.11.21. /Кабар/. Бишкектеги “Чыгыш-5” кичирайонунда Раатбек Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин салтанаттуу ачылышы өттү.

Спорттук мектептин салтанаттуу ачылышына КР мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Бишкек мэри Айбек Жунушалиев, Р.Санатбаевдин жакындары, шаардык кызматтар жана кичирайондун жашоочулары катышты.

Мамлекеттик катчы өзүнүн сөзүндө аталган мектептин ачылышы Кыргызстандын спорт коомчулугу үчун маанилүү иш-чара болуп саналат деп белгиледи.

“Биз борбордо гана эмес, аймактарда дагы ушул сыяктуу мектептерди көбурөөк курууга аракет кылабыз. Бүгүнкү күндө өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири, ушуга байланыштуу аны өнүктүрүү үчүн зарыл шарттарды тузүшүбүз керек”, - деди ал.

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев өз кезегинде бул спорттук комплексте шаардыктар гана эмес аймактардан келген спортчулар дагы машыга аларын кошумчалады. “Ошондой эле анда эркек жана кыздар залы каралган”, - деди ал.

Мэр жаңы спорт комплексинин коммуналдык чыгымдарын Бишкек мэриясы каржылай турганын белгиледи.

Эскерте кетсек, спорттук мектептин курулуш иштери 2018-жылы башталган, имарат көп жылдардан бери биринчи жолу ачылып жаткан чоң спорттук имарат болуп саналат.

Маалымат үчүн: Раатбек санатбаев – грек-рим күрөшү боюнча кыргыз балбаны, Азиянын чемпиону жана Олимпиада оюндарынын коло байгесинин ээси. Ал 2006-жылы январда киши колдуу каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий