• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте райондордун жана шаарлардын мэрияларына таштанды чыгаруучу техникалар тапшырылды

Өкмөт 0

Бишкек, 18.07.22. /Кабар/. Бишкекте райондордун жана шаарлардын мэрияларынын өкүлдөрүнө тиричилик таштандыларын чыгаруучу атайын техникалар тапшырылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага катышкан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айлана-чөөйрөгө аяр мамиле жасоого чакырып, өлкөнүн калктуу конуштарын таза кармоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Бүгүн бир катар муниципалдык кызматтар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары биринчилерден болуп 22 даана атайын техниканы алышат. Жакынкы жылдары мындай техникалар менен бардык аймактар камсыздалат», - деди ал.

Белгилей кетсек, техника Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин көмөгү менен сатылып алынган.

Пикир

Оставить комментарий