• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте “Рамазан чатыры” кайрымдуулук иш-чарасы өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 16.05.19. /Кабар/. Бишкекте улуу Орозо айында муктаж жана колунда жок адамдарга ооз ачуу үчүн “Рамазан чатыры” ачылды. Чатыр Бишкектеги Тюбетейка Family ресторанынын аймагында ачылган.

Уюштуруучулар билдиргендей, 7-майдан тарта Орозо айы бүткөнгө чейин колунда жок адамдар үчүн ооз ачуу уюштурулган. Бир күндө 100 адамга тамак берилет.

Бул өзгөчө долбоордун максаты Орозо айында ооз ачуу кечелерин өткөрүп, аз камсыздалган жарандарга кайрымдуулук кылуу. Ошондой эле ар кандай конфессия жана улуттагы адамдар ортосунда диалог орнотуу.

Рамазан чатыры эшигин ачкан күндөн бери, Human Appeal, SOS балдар кыштагы жана башка кайрымдуулук фонддорунда каттоодо турган балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын энелери, карылар үйүндөгү апалар жана аталар, көп балалуу үй-бүлөлөр, жалгыз бой энелер чакырылып, дасторкон жайылган. Жалпысынан “Рамазан чатыры” 3000 адамга тамак берет.

“Рамазан Чатырында” коноктор үчүн белгилүү ислам окумуштуулары Кадыр Маликов, Фархат Юсупов, Марс Ибраев сыяктуу инсандар ислам тууралуу баяндарды айтышат.

Аталган долбоор Бишкекте 3-ирет өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий