• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте расмий түрдө Ак илбирсти коргоо боюнча эл аралык форум башталды

Коом 0

Бишкек, 25.08.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкекте расмий түрдө Ак илбирсти жана анын эко системасын коргоо боюнча эл аралык форум башталды.

Иш чара Мамлекеттик Ала-Арча резиденциясында президент Алмазбек Атамбаевдин жана илбирс байылган 12 өлкөнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүүдө.

Форумдун расмий бөлүгүндө КРнын президенти Алмазбек Атамбаевдин сүйлөөрү жана Бириккен Улуттар уюмунун (БУУ) Башкы катчысы Антони Гуттериштин видео кайрылуусу андан соң, Ооганстан, Өзбекстан, Бутан, Пакистан, Тажикстан, Россия, Казакстан, Кытай, Непал, Монголия, Индия жана Түркменистан өкүлдөрүнүн жана форумдун модератору – КР президентинин аппарат башчсынын орун басары Эльвира Сариеванын сөз сүйлөөрү күтүлүүдө.

Иш чаранын аягында Ак илбристи коргоо боюнча Бишкек декларациясы кабыл алынып, жыйынтык чыгарылмакчы.

Пикир

Оставить комментарий