• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бишкекте рейд учурунда 81 соода түйүнү жоюлуп, 950 жарнама алынды

Коом 0

Бишкек, 29.03.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов районунда жүргүзүлгөн рейд учурунда 81 соода түйүнү жоюлуп, 950 жарнама объектиси алынды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлайт.

Маалыматка ылайык, текшерүүлөр төмөнкү даректерде жүргүзүлдү:

- Ак эмир базары (Москва, Шопоков, Бөкөнбаев, Үсөнбаев көчөлөрү);
- Аламүдүн-базары (Курманжан Датка көчөсү, Жибек-Жолу проспекти);
- Чынар базары (Салиева, Ауэзов көчөлөрү, Аламүдүн-1 кичирайону);
- Улар кичи базары (Чүй проспекти, Чыгыш-5 кичирайону, Изумруд дүкөнүнүн жаны);
- "Айчүрөк" соода борбору (Чүй проспекти, Абдрахманов, Шопоков көчөлөрү).

Мындан тышкары, КР Кылмыш-жаза кодексинин 179 жана 434-беренелери боюнча 48 протокол түзүлүп, 144 миң сомго айып салынды.

Пикир

Оставить комментарий