• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте республикалык балдар сынагы өтөт

Маданият 0

Бишкек, 24.10.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Бишкекте республикалык балдар “Кичинекей ханзада жана кичинекей ханыша” сынагы өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Кыргызстан “Beauty Company” директору Рыскүл Намазбекова билдирди.

Анын айтымы боюнча, сынакка катышууну каалаган 4төн 13 жашка чейинки балдар билдирүү калтырышса болот. Балдардын жана кыздардын жаш кураагы; 4-6 жаш, 7-9 жаш, 10-13 жаш.

“Сынакка даярдык жогорку деңгээлде жүрүп жатат. Эки ай ичинде балдар “R Style Models” моделдик агенттигинде атайын даярдыктан өтүшөт. Хореография, актердук чеберчилик, сахнада жүрүүнү үйрөнүшүп, бөлмө ичинде сүрөткө түшүшөт”,-деди ал.

Ошондой эле Р.Намазбекова сынактын жеңүүчүлөрдү Кыргызстандын атынан эл аралык балдар сынагына бара тургандыктарын кошумчалады.

Толук маалыматты - 0700 303 333 номери аркылуу билүүгө болот.

Пикир

Оставить комментарий