• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте республикалык "Сайма чемпионаты — 2021" сынагы өткөрүлөт

Маданият 0

Бишкек, 09.12.21. /Кабар/. Бишкекте республикалык "Сайма чемпионаты — 2021" сынагы өткөрүлөт. Бул тууралуу "Кийиз дүйнө" коомдук фондунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, сайма саюу боюнча чемпионат "Кийиз дүйнө" фонду, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Улуттук тарых музейинин колдоосу менен быйыл үчүнчү ирет өткөрүлмөкчү.

Саймачылардын таймашы 2021-жылдын 19-декабрында Улуттук тарых музейинде өтөт. Иш-чарага Кыргызстандын бардык аймактарынан “керме сайма” сайганды билгендер катыша алат.

Сынактын максаты — саймачылык өнөрүн кайрадан жандандыруу, сактоо жана жайылтуу.

Шарттары:

1. Катышуучунун баракчасын толтуруп, уюштуруучуларга 0708-32-62-64 номерине жиберүү керек;

2. Сайылуучу сайманын багыты 18-декабрь, саат 19:00дө катышуучуларга уюштуруучулар тарабынан жөнөтүлөт. Ар бир катышуучу багыт алат, даярдык көргѳнгѳ убактылары болот;

3. Ар бир катышуучу белдемчисин кийип келүүсү шарт (дресс код);

4. Ар бир катышуучу керме сайма саюуга керектүү кергич, шибегени ѳзү менен ала келет;

5. Берилген убакыт аралыгында ар бир катышуучу кездемени кермеге керип, берилген темага жараша өзүнүн оюусун чийип, анан сайманы сайып чыгуу керек.

Пикир

Оставить комментарий