• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте республикалык жана аймактык телеканалдардын кызматкерлери үчүн 5 күндүк тренинг башталды

Коом 0

Бишкек, 26.04.22. /Кабар/. Бишкек шаарында республикалык жана аймактык телеканалдардын кызматкерлери үчүн «Социалдык тармактарда видеоконтентти түзүү жана илгерилетүү» темасында 5 күндүк тренинг башталды.

Анда Прагадагы «Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын эксперттери тренер катары окутууда.

Тренинг алкагында катышуучулар социалдык тармактардын заманбап тренддерин, медиа-уюмдардын социалдык тармактардагы баракчаларын жана каналдарын жүргүзүү принциптерин жана стратегиясын, подкасттарды, сторителлингди түзүү жана илгерилетүүнү үйрөнүүдө.

Окууга 6 аймактык медиа борбордун телеканалдарынын, «Ош ТВ» телеканалынын, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын, «ЭлТР» мамлекеттик телерадиокомпаниясынын, «Пирамида» медиахолдингинин, «Ынтымак» Коомдук аймактык телерадиокомпаниясынын, «5 канал» жабык акционердик коомунун, ошондой эле «Биринчи радио» жана «Кабар» Кыргыз улуттук маалымат агенттигинин өкүлдөрү катышууда.

Тренинг КР президентинин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы тарабынан «Медиа Полиси Институтунун» жана «Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын көмөгү аркылуу уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий