• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте “РФ жана КР маданий алакасындагы орус тили” I Эл аралык конгерсс-көргөзмөсү өтөт

Маданият 0

Бишкек, 23.10.17. /Кабар/. Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия славян университетинде 25-26-октябрда “Россия жана Кыргызстандын маданий алакасындагы орус тили” I Эл аралык конгерсс-көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу КРСУ басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын максаты –көргөзмөлүү иш-чараларды уюштуруу, өткөрүү аркылуу орус тилин, билим, илим, Россиянын тарыхын жана маданиятын Кыргызстанда бекемдөө жана жайылтуу.

Экспозицияда жаңы программалар, ыкмалар, концепциялар жана окутуу технологиялары, китеп-басма продукциялары, көркөм чыгармалар коюлат.

Мындан тышкары, бул күндөрү Россия менен Кыргызстандын социалдык тармактарында жарандардын “Орус тили жана адабияты. Белгилүү инсандар”, “Орус илими. Белгилүү илимпоздор”, “Россиялык билим берүү. Белгилүү педагогдор”, “Орус маданияты. Белгилүү акын, жазуучу, сүрөтчү, композиторлор, актерлор” ж.б. номинацияларда жарандардын онлайн-добуш берүүсү жүрүүдө.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча көп добуш топтогондорго Россиянын белгилүү калемгерлеринин сүрөттөрү, китептер тапшырылмакча.

Конгресс-көргөзмөнүн экинчи күнүндө КРСУнун чоң актовый залында орус жана кыргыз маданиятынын фестивалынын алкагында университеттин жана өлкөнүн башка ЖОЖдорунун чыгармачыл студияларынын концерти өтөт.

Пикир

Оставить комментарий