• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте Үркүндүн 105 жылдыгына карата тегерек стол жана көргөзмө өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 06.08.21. /Кабар/. Бишкекте Үркүндүн 105 жылдыгына карата тегерек стол жана китеп-иллюстрациялык көргөзмө өтүүдө.

Тегерек стол салтка айланып калгандай Улуттук китепканада уюштурулган. Иш-чарага коомдук ишмерлер, тарыхчылар, окумуштуулар катышууда. Анндан тышкары, иш-чарага КРнын мамлекеттик катчысы Чолпонбек Абыкеев келди.

Иш-чаранын башында Үркүндө курман болгондор эскерилип, муфтийтин орун басары куран окуду.

«Үй куруучулар» коомдук уюмунун башчысы Бейшенбек Абдразаковдун айтуусуна караганда, 1916-жылдагы окуяга арналган иш-чарага 2006-жылдан бери жыл сайын белгиленип келет.

«Бул окуя Кыргызстандын тарыхында кара тамгалар менен жазылып калган. Үркүн болбогондо 100 жылдын аралыгында кыргыздардын саны 10 млн адамга жетмек. Мындан кийин мындай кан төгүү кайталанбашы үчүн бул сабак болушу керек», - деди.

Пикир

Оставить комментарий