• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте тамактан уулангандардын саны 118 адамга жетти, арасында балдар бар

Коом 0

Бишкек, 25.10.21. /Кабар/. Бишкекте “Империя пиццы” кафе тармактарынан тамактангандан кийин ууланып, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда саламаттык сактоо мекемелерине кайрылгандардын саны 118 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Темир жол ооруканасына 98 адам, Медициналык тез жардам шаардык балдар клиникалык ооруканасына 13 адам, Чүй облустук бириккен ооруканасына 2 адам, Жайыл райондук жалпы дарыгердик практика борборуна 5 адам кайрылган.

"Алардын ичинен стационарларда Темир жол ооруканасында 10 адам, Шаардык балдар ооруканасында 13 бала дарыланып жатат. Дарыгерлер алардын абалын туруктуу деп баалашууда. Калган жабырлануучулар медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин жашаган жери боюнча амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, эпидемиологиялык иликтөө иштеринин жүрүшүндө жабыркагандар шаардын ар кайсы пунктарында жайгашкан "Империя пиццы" кафе тармактарында тамактанышканы аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий