• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте Россия элчилигинин кызматкеринин катышуусундагы жол кырсыгы тууралуу иш РФ сотунда каралат – элчилик

Коом 0

Бишкек, 18-март /Кабар/. Бишкекте Россия элчилигинин кызматкеринин унаасынын катышуусунда болгон жол кырсыгы Россия Федерациясынын соттук инстанциясына өткөрүлүп берилет.

РФнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдиргендей, азыркы учурда РФнын компетенттүү органдары тарабынан үстүбүздөгү жылы 16-февралда Бишкекте РФ элчилигинин кызматкеринин унаасы катышкан трагедиялуу жол кырсыгынын абалы дыкат иликтенип жатат. Анын алкагында жол кырсыгында каза болгон КР жараны Е.Лексиндин үй-бүлөсүнө тиешелүү компенсация төлөө тууралуу маселе чечилет.

Элчилик тергөө иштеринен кийин аталган иш жол кырсыгынын экинчи катышуучусунун күнөөсүн аныктоо жана ага тиешелүү жаза берүү үчүн РФнын соттук инстанциясына өткөрүлүп берилерин билдирди.

Эскерте кетсек, 16-февралда Бишкекте дипномерлүү “Тойота Прадо” маркасындагы унаа жол кесилишинен “Мерседес Спринтер” жук ташуучу унаасы менен кагышкан. Дипномердүү унаанын рулунда дипломат Виктор Пухов отурган. Жыйынтыгында “Мерседестин” 62 жаштагы айдоочусу КР жараны Е.Лексин каза болгон. Окуядан кийин В.Пухов Кыргызстандан чыгып кеткен.

Пикир

Оставить комментарий