• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте Россия элчилигинин тосмосуна кызыл боек төгүп кетишкен

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.06.22. /Кабар/. Бишкекте белгисиз адам Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин тосмосуна кызыл боек төгүп кеткен.

“Кабар” агенттигине Биринчи май райондук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, 27-июнда болжол менен саат 02:30да Россия элчилигиин тосмосуна белгисиз адам боек төгүп, качып кеткендиги боюнча маалымат түшкөн.

Аталган факт Биринчи май РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган.

Учурда аталган факт боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий