• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте "Россия-Кыргызстан" скульптура көргөзмөсү ачылат

Коом 0

Бишкек, 31.05.19. /Кабар/. Бишкектеги Фрунзе ресторанында 1-июндан тарта "Россия-Кыргызстан" скульптура көргөзмөсү ачылат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Евразиялык телеакадемиянын академиги, коомдук ишмер Ассоль Молдокматова билдирди.

Анын айтымында, көргөзмө 1 айга созулуп, кирүү акысыз болот.

"Көргөзмөдө скульпторчулардын династиясынан болгон россиялык скульптор Иван Дубровиндин эмгектери коюлат. Анын эмгектеринин катарында дүйнөлүк чыгармалардын көчүрмөлөрү бар. Шаар тургундарынын баарын жана конокторун көрүп кетүүгө чакырам. Көргөзмөдө коюлган чыгармалардын наркы 100 миң доллар деп бааланат", - деди ал.

Ал белгилегендей, бул көргөзмөнүн ачылышына Россиянын КРдагы элчиси катышат.

Ал эми Россиянын скульпторчулар Ассоциациясынын президенти Иван Дубровин, анын эмгектери бекем колодон жасалганын айтып өттү.

"Менин эмгектерим кылымдарга жашайт. Менден кийин да алар кала берет. Кыргызстандагы атам менен жасаган биринчи долбоорубуз атактуу кыргыз актеру Сүймөнкул Чокморовдун айкели, Ч. Айматовдун стелласы болгон", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий