• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте Россия менен Кыргызстандын экономика министрлеринин катышуусунда талкуу өтүүдө

Экономика 0

Бишкек, 28.03.19. /Кабар/. Бишкекте Россия менен Кыргызстандын экономика министрлери Максим Орешкин жана Олег Панкратов катышкан эртең мененки бизнес тамактануу өтүүдө. Ошондой эле ага аймактардын жана компаниялардын жетекчилери да катышууда.

Жыйындын жүрүшүндө тараптар бир катар маселелерди талкуулашат. Алар:

1. айыл чарба азыктарын соода түйүндөрү аркылуу ташып жеткирүү;

2. санарип экономика жаатында кызматташуу;

3. бажы инфраструктурасын модернизациялоо;

4. Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондун өнүктүрүү;

5. унаа жана жүк ташууларды көзөмөлдөө;

6. күн модулдары үчүн монокристаллдык пластиндерди ташуу;

7. коопсуз шаар;

Иш-чаранын жүрүшүндө эки тараптуу бир катар документтерге кол коюу жагы да каралат.

Пикир

Оставить комментарий