• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте россиялык окуу жайга абитуриенттерди кабыл алуу башталды

Коом 0

Бишкек, 5-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги КР жарандарын РФ Тышкы иштер министрлигинин Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтуна бакалавр программасына 2017-окуу жылына кабыл алууну 10-апрелден 25-майга чейин баштагандыгын маалымдайт.

КР ТИМ басма сөз кызматы билдиргендей, үстүбүздөгү жылы абитуриенттерди тандоонун жаңы ыкмасы киргизилүүдө. Сынакка катышуу негизи катары Кыргызстандын 2017-жылдагы Жалпы республикалык тесттинин жыйынтыктары таанылат.

Сынакка негизги жана кошумча предметтердин тесттинин жыйынтыктары (расмий тилде) бар абитуриенттер: колдонмо экономика жана коммерция, эл аралык экономикалык мамилелер факультеттерине - математика, англис тили, калган факультеттерге – тарых жана англис тили тесттеринин жыйынтыктары менен кое берилет.

КР ТИМ сунуштаган талапкерлер ММЭМИге кабыл алынуу үчүн Москва шаарына барганда ЖОЖдун эрежелерине ылайык орус жана англис тили боюнча тесттен өтүшөт.

Кеңири маалыматтарды КР ТИМ www.mfa.gov.kg жана КР ТИМ Дипломатиялык академиясынын – www.dipacademy.kg сайтынан тааныша аласыздар.

Пикир

Оставить комментарий