• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте Россия элчилигинин унаасы жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти — сүрөт

Кырсык 0

Бишкек, 17.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 17-майда саат 15:20лар чамасында Бишкектин Жаш Гвардия бульвары менен Жибек Жолу көчөсүнүн кесилишинде Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин унаасы жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, жөө жүргүнчү жолго чуркап чыга калган. Анын мас абалында болушу мүмкүндүгү айтылат.

Жабыркаган жаранды тез жардам кызматынын унаасы алып кетти. Окуя болгон жерде кайгуул кызматкерлери иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий