• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте Россиянын кино жумалыгы өтөт

Маданият 0

БИШКЕК, 08.08.17. /Кабар/. Кыргызстан менен Россиянын дипломатиялык мамилесинин 25 жылдыгынын алкагында Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларында 18-25-августка чейин Россиянын кино жумалыгы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жумалыктын алкагында Кыргызстанга Россиянын эмгеги сиңген артисттери, продюссер жана кино сынчылары келишет.

Делегациянын катышуучулары тасмаларды көрүүчүлөргө тартуулашат.

Россиянын эмгек сиңирген артисти Виталий Кищенко “Анна Каренинанын. История Вронского” тасмасын тартуулайт.

Кино жумалыгынын ачылышы 18-августта “Манас” кинотеатрында орун алып, андан соң “Время первых” тасмасы тартууланат.

19-августта “Октябрь” кинотеатрында Карен Шахназаровдун “Анна Каренина. История Вронского”, тасмасы тартууланат.

Пикир

Оставить комментарий