• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкекте Роза Айтматованын "Атам жөнүндө" эскерүү китебинин бет ачары өттү

Маданият 0

Бишкек, 21.01.21. /Кабар/. А. Осмонов атындагы Улуттук китепканасында бүгүн, 21-январда Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) тарабынан басмадан чыгарылган Роза Айтматованын "Атам жөнүндө" эскерүү китебинин бет ачары өттү.

Кыргызпатенттен билдиришкендей, китеп мамлекеттик жана расмий тилде 500 нускада чыгарылган.

2020-жылы болгон Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 75 жылдыгын утурлай президенттин жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргызпатент Роза Айтматова менен Асан Ахматовдун "Каткелди" ("Маленький почтальон") деген китептерин мамлекеттик жана расмий тилде чоң нускада (1000 даана) басмадан чыгарган.

"Бул согуш маалында чоңдор менен катарлаш иштеген Каткелди деген өспүрүмдүн тагдыры, анын жаш башына түшкөн оор сыноолорду жеңип чыккандыгы жөнүндө автобиографиялык китеп. Совет эли менен чогуу кыргызстандыктар дагы Улуу Ата Мекендик согушта жеңип чыгууга фронтто болобу, оорукта болобу татыктуу салымын кошушкан", - деп айтылат маалыматта.

2020-жылдын ноябрь айында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата коомдук ишмер Роза Айтматованын "Атам жөнүндө" ("Мой отец как государственный деятель") деген эскерүү китеби кыргыз мамлекеттүүлүгүн жана республиканын өнөр жайын түптөп, ХХ кылымдын 30-жылдары репрессияланган мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматовдун өмүрүнө жана ишмердигине арналган. Өз алдынчалуулугун көрсөтүп, эл кызыкчылыгында саясат жүргүзгөндүгү үчүн ал өмүрүн берген.

Репрессиялангандардын көпчүлүгүнүн тагдыры бүгүнкү күнгө чейин белгисиз бойдон калууда. Роза Айтматова – Төрөкул Айтматовдун кызы болгондугу үчүн өтө кызыгуу менен архив документтерин, үй-бүлөсүнүн сүрөттөрүн, өзүнүн эскерүүлөрүн кынаптап чогултуп, ушул китепте берген.

Бул китеп окурмандарга тарыхый булак катары дагы баалуулукка ээ, анткени китепте берилген документтердин көбү илимий жүгүртүүгө алгачкы ирет киргизилиши мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий