• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте өрт өчүрүүчү унаа кырсыкка кабылып, 3 куткаруучу жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 25.04.22. /Кабар/. Бишкекте өрт өчүрүүчү унаа кырсыкка кабылып, 3 куткаруучу жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 24-апрелде саат 20:00 чамасында Биринчи май районунун Ак-Босого жаңы конушунун Чүй-6 көчөсүн турак жай өрттөнүп жаткандыгы тууралуу чакыруу түшкөн. Кырсык катталган жерге Свердлов районунун №2 өрт-куткаруу бөлүгүнөн ыкчам куткаруучулар дароо чыгышкан.

Өрт чыккан дарекке шашылыш чыккан өрт өчүрүүчү эсептик бөлүмүнүн атайын унаасы жеңил унаа менен кагылышып кырсыкка кабылды.

Адистештирилген өрт өчүрүүчү автоунааны атайын үн сигналы жана жаркыраган маяк менен айдап бара жаткан айдоочу жол бербеген жеңил унаа менен кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен атайын өрт өчүрүүчү унаасы капталына аласалып, үч өрт өчүрүүчү куткаруучу жабыркаган. Жардам көрсөтүү үчүн “Тез жардам” кызматы келип, медициналык кароодон өткөрүүгө №4-шаардык ооруканага алып кетишкен. Медициналык кароодо жеңил жаракат алган жыйынтык менен үйлөрүнө жиберилген.

Эскерте кетсек, белги берүүчү жарк эткен маяк жана атайын үн сигналы бар унаалардын бардык өлкөлөрдүн жол кыймылынын эрежелери тарабынан жалпы жол эрежесинен бир катар өзгөчөлүктөр менен камсыз кылынган. Атап айтканда, кимдир бирөөнүн коопсуздугун камсыздоо үчүн жол чырагынын белгилерине карабай өтүү укугу берилген. Көгүлтүр түстөгү жаркыраган жана атайын үн сигналы күйүп турган транспорт каражатына жакындаганда айдоочулар көрсөтүлгөн транспорт каражатынын тоскоолдуксуз өтүшүн камсыз кылуу үчүн жол берүүгө милдеттүү.

Пикир

Оставить комментарий