• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Мончонун өрттөнүшү. Бишкек архитектуранын кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.06.22. /Кабар/. Бишкектеги мончодон чыккан өрт боюнча Бишкек башкы архитектуранын кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкектин Салиев көчөсүндө жайгашкан мончо комплекстеринин биринде чыккан өрт фактысы боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

"Текшерүүнүн жүрүшүндө Бишкек шаардык мэриясынын Жерди пайдалануу жана курулуш башкармалыгы (азыркы Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди жакшыртуу жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы) тарабынан Салиев көчөсүндө жайгашкан 5 турак жай боюнча И.Д.М. аттуу жаранга кабыл алуу тууралуу ырастамасы, тиешелүү долбоору жана курууга уруксат документтери жок пайдаланууга берилгендиги аныкталган", - деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми аталган жайлар турак үй катары эмес, «S» аттуу мончо комплекси болуп пайдаланылып келген.

Мындан тышкары, аталган тастыктоо кагазы муниципалдык инспекциянын ырасталган объектилерин каттоо журналында жок болгондугу аныкталган, ал эми берилген тастыктоо кагазы башка турак жай имаратына катталган.

Прокуратурадан белгилешкендей, муниципалдык инспекциянын кызмат адамдары кол тамганы, мөөрдү жана расмий бланктарды жасалмалоо менен 5 жеке турак жайдын курулушу бүткөрүлгөндүгү тууралуу билдирүүнү жана кабыл алгандыгы тууралуу жасалма тастыктоо кагазын беришкен. Анын негизинде «Бишкек башкы архитектура» мамлекеттик ишканасы тарабынан мыйзамдын талаптарын бузуу менен багыты өзгөртүлүп, архитектуралык-техникалык корутунду негизсиз иштелип чыккан.

Аталган объектини тиешелүү долбоор-документтери жок ишке киргизүүнүн натыйжасында өрт коопсуздугунун ченемдери бузулуп, коммерциялык объекти өрттөнүп, адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнүн бүтүндүгүнө коркунуч келтирилген.

Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокуратурасы тарабынан Бишкекбашкыархитектура жана Муниципалдык инспекциянын кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Ошондой эле райондук прокуратура тарабынан Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине мурда берилген архитектуралык-техникалык корутундуну жокко чыгаруу менен мыйзам бузууларды четтетүү боюнча талап киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий