• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте өрт кырсыгы өткөн жылга салыштырмалуу 4,7 пайызга азайды

Кырсык 0

Бишкек, 20.12.19. /Кабар/. Бишкек шаарында 2019-жылдын 11 айында 757 өрт кырсыгы катталган. Бул 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,7 пайызга аз (2018-жылда 794). Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен (ӨКМ) кабарлашты.

Ведомстводон билдиришкендей, быйылкы өрттөн 12 адам каза болуп, 29 адам жабыркаган. Келтирилген материалдык чыгымдын суммасы 302 миллион сомдон ашкан.

Андан тышкары, куткаруучулар тилсиз жоодон 28 адамдын өмүрүн сактап калышкан, ошондой эле 1 млрд 658 млн сомдон ашык товардык материалдык баалуулуктар куткарылган.

"Өрттөрдүн негизги себептери - тамеки чегүүдөгү этиятсыздыктан - 46,4%, электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан - 27,1%, отко этиятсыздык менен мамиле кылуу - 13,2 пайыз", - деп кошумчалашты ӨКМ кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий