• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бишкекте өрттө экзотикалык жаныбарлар менен кафе күйүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 16.03.19. /Кабар/. Бишкекте Панфилов сейил багындагы өрттө бир кафе менен экзотикалык жаныбарлар күйүп кетти. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Министрликтен билдиришкендей, өрт бүгүн 16-май түнү 00:48де башталган.

Өрттө жалпы аянты 400 чарчы метр "Живая экзотика" кичи зоопаркы, "Деревяшка" кафеси жана экзотикалык жаныбарлар күйгөн.

Өртү өчүрүүгө 4 бөлүм тартылган. Саат 02:03тө өрт чектөөгө алынып, түнкү саат 03:32де толугу менен өчүрүлгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий