• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте өрттөн бир адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 23.10.21. /Кабар/. 23-октябрь күнү саат 04:02 чамасында Ленин районунун Ден-Сяопин көчөсүндөгү №6 көп кабаттуу турак үйдүн батиринин уктоочу бөлмөсүнүн 7 чарчы метр жыгач полу жана диваны күйгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өрттүн кесепетинен бир эркек киши (аты жөнү такталууда) каза болгон. Өрт саат 04:52 толугу менен өчүрүлгөн.

Белгиленгендей, өрт тамеки тартуудагы этиятсыздыктан келип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий