• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте өрттөн бир адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 19.12.17./Кабар/. Бишкекте бир адам өрттөн каза болду,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 19-декабрда болжол менен саат 05:27 чамасында Бишкектеги Библиотечная көчөсүндө жайгашкан турак үй күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

“Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин №8 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып. Чыккан өрт саат 08:21де толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен бир адам каза болгон. Учурда анын өздүгү такталууда”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий