• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте руханий-адеп-ахлактык өнүгүү жана дене тарбия тууралуу Концепцияны иштеп чыгуу боюнча кеңешме өттү

Коом 0

Бишкек, 30.03.21. /Кабар/. Бишкекте КР президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу маселеси боюнча ведомстволор аралык кеңешме өттү. Иш-чара А.Осмонов атындагы кыргыз улуттук китепканасында өттү.

Ведомстволор аралык топтун ишинин максаты – президенттин 2021-жылдын 29-январында кол койгон жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Концепциянын программасын иштеп чыгуу.

Ошентип, ички саясаттын маанилүү багытын колдоо максатында – жарандарды жогорку адеп-ахлак стандарттарын, каада-салтын, салттуу үй-бүлөлүк жана социалдык баалуулуктарын өздөштүрүү, сергек жашоо образы, Кыргызстан элдеринин байлыгын, уникалдуулугун жана биримдигин чагылдырган жалпы адамзаттык баалуулуктар тутумуна киришүү.

Жарлыктын алкагында өкмөткө 2021-жылы 1-июнга чейин инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө Концепцияны иштеп чыгып, кароого жөнөтүү сунушталган. Аталган Концепция коомчулуктун, маданияттын, илимдин жана билим берүү кызматкерлеринин жана башка кызыктар тараптардын кеңири катышуусунда иштелип чыгууда.

Концепцияда так жана түшунүктүү артыкчылыктар жайгаштырылган. Мисалы, материалдык кызыкчылыктарга караганда жашоонун жүрүм-турумунун руханий жана адептик мотивдеринин артыкчылыгы, коомдук жана мамлекеттик кызыкчылыктардын жеке кызыкчылыктардын артыкчылыгы жана алардын каршылыгы, мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын чечимдеринде, иш-аракеттеринде адилекттүүлүк принцибинин артыкчылыгы, билим берүү кызматкерлеринин, мугалимдердин, дарыгерлердин жана аскер кызматкерлернин мамлекеттин жана коомдун негизи катары статусунун кадыр-баркы жана баалуулугу, жалпы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын патриоттуулугу, эр жүрөктүүлүгү жана ата мекенди сүйүүсү жана ага кызмат кылуусу, мекенчилдик, эрдик, мекенди сүйүү жана ага кызмат кылуу.

Кеңешменин катышуучусу, премьер-министрдин кеңешчиси Каныбек Осмоналиев билдиргендей, бүгүн руханий маданиятты өнүктүрүү үчүн идеологиялык Концепцияны түзүү боюнча иштер жүрүүдө.

“Азыр дүйнөдө глобалдаштыруу жүрүп жатат жана ар бир улут, анын ичинде кыргызстандыктар дагы өзүнүн иденттүүлүгүн сактап калууга аракет кылууда. Ошондуктан биз кайсыл жол менен алдыга жылышыбыз керектигин айтышыбыз керек. Экономиканы көтөрөбүз деген бул албетте башка, бирок маанилүү маселе, ал эми мамлекеттик, улуттук идеология бул жерде биринчи орунга чыгат. Башкача айтканда, биз элибизди каада-салтка жана негиздерибиздин базасында белгилүү бир багыттын айланасына бириктиришибиз керек”, - деди Осмоналиев.

Пикир

Оставить комментарий